• 88.68
  • 95
  • 0.95

МЖАК колонияда Текебаевге карата кысым тууралуу депутаттын билдирүүсүн четке какты

Коом 0

Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы депутат Алмамбет Шыкмаматовдун колонияда Өмүрбек Текебаевге карата кысым тууралуу билдирүүсүн четке какты.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов №47 колонияда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге карата эки күндөн бери “прессинг” жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул тууралуу МЖАКтын жетекчисине эскертүү зарыл. Депутат билдиргендей, Текебаевди “бүгүнтөн тарта башка камерага которушат, анда дагы кимдир бирөөлөрдү кошушат”.

Өз кезегинде МЖАКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Кабар” агенттигине Текебаевге карата эч кандай кысым байкалбаганын билдирди. “Биз бул маалыматты текшердик. Аны камерадан которушкан жок, ал ошол жакта эле калып, дарыланууну улантууда. Ага карата эч кандай “прессинг” байкалган жок”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаевди мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чейин кызмат ээлөөгө тыюу салынып 8 жылга эркинен ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий