• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 19-сентябрында, Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Пакистандын «AMK Apparels» текстиль компаниясынын директору Ашфак Ахмад Хан жана «Malik Enterprise» инвестициялык компаниясынын башчысы Шехрияр Малик менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташтыктын келечегин жана Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү, Кыргыз Республикасында өндүрүш ишканаларын ачуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле эки өлкөнүн жеке ишканаларынын ортосунда түздөн-түз ишкер байланыштарды түзүүнү талкуулашты.

Министрликтен кошумчалашкандай, жолугушуунун жыйынтыгында пакистандык тарап жакынкы аралыкта Кыргызстанга иш сапары менен келүү ниети жөнүндө маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий