• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда эпидемиологиялык абал кооптуу болуп турат — Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Азыр Баткенде эпидемиологиялык абал кооптуу болуп турат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал коронавирустун экинчи толкуну тууралуу суроого жооп берип жатып, күз мезгилине карата Нарын, Ош жана Бишкекте 3 жаңы оорукана салынып жатканын, ошондой эле башка облустарда мурдагы саламаттык сактоо мекемелеринде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жугуштуу оорулар ооруканасы катары даярдалып жатканын айтып өттү.

"Биринчиден, Кудай сактасын дейли. Бирок биз дайым даяр болушубуз керек. Мен мурда "биз экинчи толкун эмес, күздөгү жыл сайын болуучу сасык тумоо менен респиратордук вирустук инфекцияга даяр болушубуз керек" деп айткам. Учурда эл аралык уюмдар "бир нече мамлекетте ооругандар көбөйүп жатат" деп айтышууда", - деди ал.

Министрдин орун басары билдиргендей, учурда Кыргызстан сасык тумоого каршы 119 миң вакцина сатып алды, дагы 770 миң вакцина сатып алынат.

"Аярлуу катмардагы жарандарга эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Андан тышкары, акы төлөп эмдөөдөн өткөрүү боюнча жеке менчик медицина мекемелери иштеп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий