• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош: Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу жабык

Аймак 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу жабык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча, 4-майдын түнүндө саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 57-чакырымын каптаган.

Учурда жол каттамы жабык.

Жерине Кара-Кулжа райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, тактоо иштерин жүргүзгөн. Учурда тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий