• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүнүн 2 км аралыгына асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында узундугу дээрлик эки чакырым, кеңдиги 20 метрди түзгөн Пушкин көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, бүгүн, 9-август күнү пайдаланууга берилди.

Шаардык муниципалитеттен билдиришкендей, жолдун ачылуу аземине министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калаа тургундары катышты.

Аталган көчө Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланып, асфальт төшөө иштерине 70 млн сом акаражат жумшалды.

Кошумчалай кетсек, Пушкин көчөсү – Жалал-Абад шаарынын негизги жолдорунун бири. Аталган көчө 2018-2019-жылдары кеңейтилип, бирок кеңейтилген бөлүгүнө гана убактылуу асфальт басылган болчу.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарында жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Пикир

Оставить комментарий