• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте маршрутканын жүргүнчүлөрүн коркуткан чөнтөкчүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү коркуткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда коомдук транспорттун ичинде отурган белгисиз адамдар жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видео тараган. Видеодо коркутуп жаткан жарандардын бири белгисиз нерселер менен куралданганын көрүүгө болот.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүшүп, алардын өздүгү такталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар мурда бир нече жолу соттолушкан 1994-жылы туулган К.Ж. жана 2005-жылы туулган А.Р. болуп чыкты.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий