• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда өрт кырсыгы 20,8 пайызга азайган

Аймак 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. 2020-жылдын 5 ай ичинде Ысык-Көл облусу боюнча 103 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 130) өткөн жылга салыштырмалуу 20,8 %га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн болгон материалдык чыгымдар 6 миллиондон ашык сомду түзгөн. Өрттөн 2 адамдын өмүрү сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • отко этиятсыздык менен мамил кылуу - 17,5 %;
  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан- 26,2 %;
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда - 9 %;
  • балдардын от менен ойноосунан- 3,9 % өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү:

  • Каракол шаары - 31;
  • Балыкчы шаары - 13;
  • Ак-Суу району - 6;
  • Жети-Өгүз району -13;
  • Ысык-Көл району -19;
  • Тоң району -7;
  • Түп району -14.

Өрттүн жалпы санынан 33 пайызы турак жай секторунда катталып, 1 адам каза тапкан.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • Бузук электр орнотмолорун ( розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • Күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • Балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • Күйүп турган тиричилик электр буюмдардын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • Электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

“Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн эрежелерин сактоо менен, сиз өзүңүздүн турак жайыңызды, мүлкүңүздү, адамдардын жаракат алуусун жана каза болуусунун алдын алган болосуз. Өрт чыккан учурда 101, 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий