• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында маршруттук унаалардын айдоочулары боюнча абал туруктуу

Аймак 0

Ош, 02.04.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында маршруттук унаалардын айдоочулары боюнча абал туруктуу, эч кандай иш таштоо жок. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын алдындагы унаа бөлүмүнүн кызматкери Макут Маматазизов билдирди.

Анын айтуусунда, бардык маршруттук каттамдардын айдоочулары милдеттүү түрдө камсыздандыруу полиси боюнча мыйзамдын күчүнө киришине түшүнүү менен карашууда. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү өздөрүнүн унааларын камсыздандырышкан. Мисалга, 142-каттамдагы бардык маршрутка айдоочулары өздөрүнүн кичи автобустарын камсыздандырышкан.

Аталган маалыматы ошондой эле жүргүнчүлүк унаа агенттигинен тастыкташты. Андан тышкары, маршруттук унаалар боюнча абал туруктуу экендигин кошумчалашты.

Ош шаарында 48 маршруттук, 3 автобус, 1 троллейбус линиясы бар, андан тышкары ташуу менен алектенген 12 жеке ишкана бар.

Пикир

Оставить комментарий