• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Талас облусунун аймагында залалсыздандыруу иш-чаралары уланууда

Аймак 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Талас облусунун аймагында коронавирус илдетин алдын алуу максатында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Талас облусу боюнча башкармалыгынын шаар, райондук бөлүмдөрү тарабынан залалсыздандыруу иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Талант Касиев билдирди.

“2010-жылдын 18-мартынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 52 345 чарчы метр имараттын ичи, 228 042 чарчы метр имараттын сырты, 2 816 190 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылып, иш-чарага 6219 кг хлор, 800 даана таблеткалуу хлор сарпталган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий