• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19. Ат-Башыда коомдук жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп жаткандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ат-Башы районунда эки мобилдик топ түзүлүп, коомдук жайларда кезек-кезеги менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын дайындалган мобилдик топтун башчысы, акимдин биринчи орун басары Максат Кадыркулов Ат-Башы РИИБинин, санэпидкөзөмөлдүн өкүлдөрү менен биргелекте коронавирус оорусу күчөп бара жаткандыгына байланыштуу рейддерди өткөрүүдө.

Рейд учурунда эл көп чогулган жерлерде санитардык эрежелерди сактоо режимдерин түшүндүрүү жүргүзүлүп, ошондой эле коомдук жайлардын эл арасында COVID-19га байланыштуу иш алып баруусуна тапшырмалар берилип, санитардык абалына мониторинг жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий