• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында Курман айт намазы "Эркиндик" аянтында окулду

Аймак 0

Бишкек, 28.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында Курман айт намазы окулду.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, айт намазына президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков баш болгон миңдеген адамдар катышты.

Анда сөз сүйлөгөн шаар мэри Эрнисбек Ормоков: "Жараткан Алла Таала баарыбыздын үмүт-тилегибизди кабыл кылып, берекесин жаадырсын! Өлкөбүздө жана шаарыбызда дайыма тынчтык болуп, биримдик менен ынтымак кетпесин! Жалпы мекендештерибизге бекем ден соолук, мол ырыскы, ыйман, бейпил жашоо, ийгилик жана береке каалайм", - деп жалпы мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий