• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда көп кабаттуу үй уруксат кагазы жок курулуп жаткан. Иш козголду

Аймак 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу турак жай өзүм билемдик менен курулуп жаткандыгы аныкталды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаарынын мэриясында КРнын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан тиешелүү көзөмөл жүргүзүлбөгөндүн натыйжасында Жалал-Абад шаарынын Т.Айтакалов көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесине “Д-К” ЖЧК тарабынан кандайдыр-бир долбоорлоо жана курулуш курууга уруксат берүүчү иш кагаздары жок, өзүм билемдик менен көп кабаттуу турак жайын куруп жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 214-беренеси (“Өзүм билемдик”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий