• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Милиция кызматкерлери Москвада өткөн дүйнө кубогунан олжолуу кайтышты

Коом 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери кармашып урушуу боюнча дүйнө кубогуна катышты.

“Достук кубогу - 2023” аталыштагы дүйнө кубогу 7-9-апрелге чейинки аралыкта Россиянын Москва шаарында өткөн.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун маалымат кызматынан кабарлашкандай, мелдешке катышкан полктун атайын операциялар отрядынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Максатбек Пирматов (90+ кг) 2-орунду, полктун Баткен шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын Баткен облусу боюнча атайын операциялар отрядынын ыкчам кызматкери, милициянын старшинасы Ырысбек Зайиров 3-орунду камсыз кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий