• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Кулжа районунда кыска мөөнөттүү 3 бала бакча ачылды

Коом 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Кара-Кулжа районунда кыска мөөнөттүү 3 бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттүү бала бакчалар KOICA жана Good Neighbors сыяктуу эл аралык уюмдарынын колдоосу менен 1-Май, Сары-Камыш жана Кара-Кулжа айылдарында ачылды.

Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, демөөрчү уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүүлөр катышты.

Эскерте кетсек, 2022-2023-жыл ичинде аталган уюмдардын каржылык колдоосу менен Ош облусунун аймагында 18 кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылып, колдонууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий