• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто “Өспүрүм түн” рейдинин жүрүшүндө түндө көчөдө жүргөн 9 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Токмок шаарында “Өспүрүм түн” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды алын алуу максатында рейд иш-чаралары байма-бай өткөрүлүүдө.

Токмок шаарынын милициясынын демилгеси менен жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды болтурбоо максатында 2021-жылдын 13-14-август күндөрү “Өспүрүм түн” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү.

Рейд учурунда коомдук жайлар, кафе-ресторандар, компьютердик клубдар, парк жана башка көңүл ачуучу жайларда текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Түнкүсүн ата-энесинин жана башка жакындарынын коштоосу жок жүргөн 9 өспүрүм бала аныкталып, Токмок шаарынын ИИБнө жеткирилип, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары, буга чейин ИИОнун каттосунда турган 15 жаш өспүрүм менен алдын алуу иштери жүргүзүлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр текшерилди.

Рейддин жыйынтыгында Токмок шаардык ИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 2 материал балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлгөн.

Иш-чара учурунда Токмок ШИИБдүн кызматкерлери тарабынан 5 жаш өспүрүм алдын алуу боюнча каттоого алынып, аз камсыз болгон 1 үй-бүлө аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий