• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу үч аймактын чек арасын тактоо иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.05.23./Кабар/. Ош шаарындагы «Жоогазын», «Алай-1», «Алай-2» аймактарынын чек арасын тактоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жетектеген жумушчу топ аталган кичи райондордун тургундары менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө КР өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы КР өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын, Архитектура департаментинин, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн адистери менен биргеликте, шаарга тиешелүү жер тилкелеринин чек араларын иш жүзүндө тактоо боюнча тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, жергиликтүү калкка өлкө башчынын жарыяланган Жарлыгына ылайык жерди өз алдынча басып алууда тиешелүү жоопкерчиликтер жөнүндө эскертүү берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган аймактардын жашоочулары иш кагаздарын жүргүзүүдө бир топ маселелерге туш болушкан.

Жолугушуунун алкагында тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жана адистерине өз ыйгарым укуктарынын чегинде инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүдө жарандарга жеринде көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий