• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын борбордук банктарынын ортосундагы кызматташтык талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 19.05.23./Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев менен Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР УБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда жана Өзбекстанда учурда орун алып жаткан экономикалык жагдайды, эки өлкөнүн борбордук банктарынын акча-кредит саясатын жана мындан ары да кызматташуу келечегин талкуулашты.

Кубанычбек Бөкөнтаев региондо интеграциялык процесстердин алкагында өз ара иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Мамаризо Нурмуратов КР Улуттук банкын юбилейлик дата - улуттук валюта - сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгы менен куттуктап, Улуттук банкка макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий