• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокен районунда 50 орундуу төрөт үйү курулду

Аймак 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 50 орундуу төрөт үйүнүн курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын курулушу Ноокен районунун өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылды.

Баасы 57 млн сомдук төрөт үйүнүн курулушу 2021-жылы башталган. Анын ичинде:

  • 26 млн сом КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланган сумма;
  • 37 млн сом Кочкор Ата шаардык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Бүгүнкү күндө төрөткана Кочкор-Ата шаарынын жана Момбеков, Бүргөндү, Достук айыл аймактарынын тургундарын тейлейт. Мекеменин шарттары жакшы жана жарандарды тейлөө үчүн даяр.

Пикир

Оставить комментарий