• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын максималдуу орточо баалары Москвада катталды

Экономика 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Ыкчам маалыматтар боюнча, 2023-жылдын сентябрында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башка борбор шаарларына салыштырмалуу биринчи кезекте керектелүүчү товарларга карата максималдуу орточо баалар Москва шаарында катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети билдирет.

2023-жылдын сентябрында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларынын ичинде жумуртканын максималдуу орточо чекене баасы (он даанасы 1,28 АКШ доллары) Бишкек шаарында, ал эми минималдуу чекене баасы (он даанасы 0,98 АКШ доллары) Минск шаарында белгиленди. Ушул эле мезгилде кой этинин (1 килограммы 6,53 АКШ доллары) жана ак каймактын (1 килограммы 4,98 АКШ доллары) төмөнкү баалары Бишкек шаарында катталды. Уй этинин (1 килограммы 4,26 АКШ доллары) жана пастеризацияланган сүттүн минималдуу баасы (1 литри 0,62 АКШ доллары) Минск шаарында катталды.

2023-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында картошканын орточо чекене баасынын деңгээли Астана 18,2 пайызга, Москва 29,5 пайызга жана Минск 25,0 пайызга шаарларында байкалган баадан, ошондой эле Астана шаарындагы биринчи сорттогу ундан жасалган нандын баасынан 40,5 пайызга жана Минск шаарындагы уй этинин баасынан 33,5 пайызга жогору болгон. 2023-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарындагы жумуртканын орточо чекене баасынын деңгээли Астана (5,5 пайызга), Москва (21,9 пайызга) жана Минск шаарларындагы (23,4 пайызга), пастеризацияланган сүттүн орточо керектөө баасы Астана (7,8 пайызга). Москва (5,6 пайызга) жана Минск шаарларындагы (31,1 пайызга) баалардын деңгээлинен ашты.

Пикир

Оставить комментарий