• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктап жатат

Экономика 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата өлкө боюнча 579,5 миң гектар аянттан дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) жыйналды.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,2% көп. Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 1,6 млн. тонна дан жыйналды, бул 15% аз. Эгиндин көлөмүнүн төмөндөшү өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырганда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн дээрлик 28% азайышы менен шартталган.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы абанын аномалдуу жогору температуранын кесепетинен вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы – 25,8%, арпанын жыйымы – 29,5 % кыскарды.

Дан буурчак, май өсүмдүктөрүнүн жана пахтанын жыйналуучу аянттары азайды. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата 52,9 миң гектар аянттан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата 7,4% аз, май өсүмдүктөрү 14,7 миң гектар аянттан жыйналды, же 17,2% аз, ал эми пахта -17,5 миң гектар аянттан жыйналды, же 9,4% аз.

Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу кант кызылчасынын дүң жыйымынын 46,5%, тамеки 18,6%, дан жүгөрү 6,7%, жашылча өсүмдүктөрүнүн 4,6% жана бакча өсүмдүктөрү 3,6% олуттуу көбөйүшү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий