• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Акылбек Жапаров генерацияны көбөйтүү боюнча артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду белгиледи

Экономика 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан “Кыргызстандын энергетика тармагын трансформациялоо келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергияга карай жолунда” эл аралык энергетикалык форумунда негерацияны көбөйтүү боюнча артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду атады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 70% гидроэлектр мүмкүнчүлүгү өздөштурүлбөй келет.

“Аталган мүмкүнчүлүктү өздөштүрүү максатында министрлер кабинети тарабынан 2030-жылга чейин кубаттуулугун 6 ГВттан ашык гидроэлектростанцияларын өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлор аныкталды”, - деди ал

Ошентип, бул потенциалды өнүктүрүү үчүн министрлер кабинети 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВттан ашык ГЭСти өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду аныктады.

Муну менен катар Жапаров инвестиция үчүн эң келечектүү болуп ири ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча стратегиялык долбоорлор аныкталганын белгиледи.

“Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен жогоруда көрсөтүлгөн демилгелер жана инвестициялык долбоорлор CASA-1000 аймактык долбоорунун алкагында өсүп жаткан суроо-талапты жана электр энергиясын жеткирүү үчүн жагымдуу шарттарды эске алуу менен калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн бардык шарттарды түзөт", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйынтыгында ал бул долбоорлордун барын ишке ашыруу үчүн 14 млрд сомго жакын каражат керектелерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий