• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда кант кызылчасын себүү аянты 22,8 пайызга көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Айыл чарба өсүмдүктөрү айдалган жалпы айдоо аянты 2021-жылы 1 миллион 200 миңден ашык гектарды түздү, бул өткөн жылга караганда 0,2 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, өсүү дан эгиндерин айдоо аянттарынын - 1,5 пайызга, алардын ичинен буудай - 1,2 пайызга, арпа - 2,3 пайызга жана дандык жүгөрү - 0,7 пайызга көбөйүшү менен камсыздалды. Мындан тышкары, кант кызылчасын айдоо аянты - 22,8 пайызга, жашылчалар - 2,7 пайызга жана башка өсүмдүктөрдү айдоо аянты - 3,9 пайызга көбөйдү.

Муну менен катар, май алына турган өсүмдүктөрдү айдоо аянттарынын - 12,9 пайызга, пахта - 11,7 пайызга, азык-түлүк бакча өсүмдүктөрүн - 5,5 пайызга, картошка - 1,8 пайызга, ошондой эле тоют өсүмдүктөрүн айдоо аянттарынын - 0,5 пайызга азайганы белгиленди.

Нет описания.

Айдоо аянттарынын эң көп үлүшү Чүй облусунун чарбаларына - 34,2 пайыз, Ысык-Көл - 15,0 пайыз, Ош - 14,7 пайыз, Жалал-Абад - 12,8 пайыз жана Нарын облусунун чарбаларына - 9,0 пайызы туура келет.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий