• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери алкоголдук продукциялардан 756,2 млн сом акциз салыгы жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. 2023-жылдын төрт айында өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 756,2 млн сом акциз салыгынын түшүүсү камсыз кылынды. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 421,7 млн сомго көп. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган көрсөткүч 2,3 эсеге өскөн.

"2022-жылы 4 айдын жыйынтыгы менен 334,5 млн сом акциз салыгы чогулган. 2023-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын аймагында сыра продукциясын милдеттүү маркалоону киргизүүнүн негизинде жыйымдар көп чогулуп баштады. Мындан тышкары, салык органдары тарабынан алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдүн күчөтүлүшү салыктын чогултуунун эки эсе көбөйүшүнө алып келди", - деп түшүндүрдү Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий