• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жеңишке 78 жыл. Ошто “Өлбөс полк” акциясы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Ош шаарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата салттуу түрдө “Өлбөс полк” акциясы өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара жыл сайын Улуу Ата Мекендик согушта Мекен үчүн күрөшкөн жоокерлердин жаркын элесине таазим кылуу максатында өткөрүлүп келет. Акцияга фронттук жоокерлердин балдары жана неберелери, ошондой эле туугандары, жакындары катыша алат.

Жөө жүрүшкө катышуу үчүн, А3 форматтагы вертикалдуу баракта фронттогу жоокерлердин сүрөттөрүн алып келүү зарыл.

Катышуучулар 2023-жылдын 9-майында саат 8:30да Ленин көчөсүндөгү «Ош Нуру» мейманканасынын жанында чогулат.


Эскертүү: Ар бир сүрөт кыскача мазмуну менен коштолушу керек. Мисалы: “Менин чоң атам (тууганым) Асан Асанов. 1941-жылдан 1944-жылга чейин согушкан. Ал жөө аскер болгон жана сыйлыктарга ээ болгон, (сыйлыктын аталышы же сыйлыктардын тизмеси) жазылат.

Пикир

Оставить комментарий