• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Монополияга каршы кызмат бензиндин баасын жогорулатпоо боюнча бир катар талаптарды койду

Экономика 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу май рыногунун ири ишкер субьекттерине бир катар талаптарды койду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Нефтетрейдерлер ассоциациясына май айында бензин тобунун баасын литрине 1,5-2 сомго жогорулатуу мүмкүндүгү жөнүндө ачык билдирүүсүнө байланыштуу мыйзамдарды бузууга алып келе турган аракеттерди жасоого жол бербөө жөнүндө эскертүү берилди.

Ошондой эле күйүүчү-майлоочу май рыногунун ири ишкер субъекттерине төмөнкүдөй талаптар коюлду:
- баалардын негизсиз жогорулашына жол берилбесин;
- "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамынын талаптарын так сакталсын;
- жазгы талаа жумуштарын эске алуу менен күйүүчү-майлоочу майдын баасын кармап туруу боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлсүн;
- сомго, ошондой эле АКШ долларына карата рублдин курсунун төмөндөшүн эске алуу менен бааларды эсептеп, күйүүчү-майлоочу майдын өздүк наркын эсептөөнү тонна эмес, литр менен жүргүзүү зарылдыгы;
- рыноктогу кырдаал өзгөргөн учурда кызмат менен кайтарым байланыш түзүп, алдын алуучу чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын.

Күйүүчү-майлоочу майга карата баанын жогорулоо маселеси Монополияга каршы органдын өзгөчө көңүл борборунда турат. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөөрү эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий