• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленет. Иш-чарага президент катышат

Президент 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Эртең, 5-майда, КРнын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Ага президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактын баракчаларында түз көрсөтүлөт.

Түз эфир саат 10:00дө башталат.


♦Белгилей кетсек, демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан туура 30 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий