• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бажы кызматы өткөн жылы төлөмдөрдү дээрлик 1,5 млрд сомго аз чогултту

Экономика 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматына 2021-жылга 48 млрд 384 млн 500 миң сом сумасында план белгиленсе, план 98,6 пайызга аткарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

undefined

Анын айтымында, Бажы кызматы төлөмдөрдү дээрлик 1,5 млрд сомго аз чогултту.

“Объективдүү жана субъективдүү себептерден улам план 100 пайызга аткарылган жок. Негизги себеп Кытайдан келген импорттун көлөмүнүн аздыгы болду. Пандемия шартында бажы төлөмдөрүн чогултуу бир топ кыйынчылыкка дуушар болду”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий