• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылдын I кварталында Кыргызстандын мамбюджетинин кирешеси 73,9 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын I кварталында консолидацияланган бюджеттин кирешеси 109,7 %га аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, 2023-жылдын биринчи кварталы үчүн консолидацияланган бюджеттин ресурстары 119,7 млрд сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,8%га же 26,8 млрд сомго көбөйгөн.

Консолидацияланган бюджеттик ресурстардын алкагында 2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 73,9 млрд сомду түздү же план 109,7%га аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы кирешенин көлөмү 24,2%га же 14,4 млрд сомго көбөйгөн.

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 40 млрд сомдук салыктар жана төлөмдөр түшүп, пландык көрсөткүч 101,3%га аткарылган. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда салык кызматы тарабынан тескелген кирешелер 10%га же 3,7 млрд сомго көбөйгөн.

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 20,7 млрд сомдук бажы салыктары жана төлөмдөрү аткарылып, пландык көрсөткүч 105%га аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы кызматы тарабынан тескөө боюнча түшкөн кирешелер 6,5 млрд сомго же дээрлик 1,5 эсеге көбөйгөн.

2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 12,1 млрд сомду же пландын 172,9%ын түздү. Өткөн жылдын тиешелүү деңгээлине карата салыктык эмес кирешелер 5 млрд сомго же дээрлик 1,7 эсеге көбөйгөн.

Каралып жаткан мезгил ичинде алынган расмий трансферттердин түшүүлөрү 1,6 млрд сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий