• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарына автобустарды сатып алууга бюджеттен 8,8 млрд сом бөлүнгөн

Экономика 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарына автобустарды сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 8,8 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинети тарабынан 2023-жылга Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 3 млрд 806 млн сом өлчөмүндө каражат каралган.

Ошол эле учурда 2023-жылдын 15-мартындагы ZHOHNTOHG BUS HOLDING CO LTD менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кытай тарап Кыргыз Республикасына 86,5 млн АКШ долларына 1000 даана автобустарды камсыздап берет. Анын ичинен 500ү 2023 жылы, калган 500 автобусту 2024-жылы алып келүүсү күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги келишимге жана графикке ылайык 4 513,8 млн сом каржылады.

Мындан тышкары, “2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга республикалык бюджеттин пландаштыруу мезгили жөнүндө” КР мыйзамынын долбоорунда Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 4 339,2 млн сом өлчөмүндө каражат каралган, анын 1 164,9 млн сому бажы төлөмдөрүнө, калган 3 174,3 млн сому келишимден калган сумма.

Пикир

Оставить комментарий