• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таш-Көмүр шаарында жаңы атайын техникалар пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде Таш-Көмүр шаарында HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана таштанды ташуучу техниканын ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, техника тапшыруу аземине Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев катышты.

Шаардын муниципалдык мекемелеринин техникалык базасын чыңдоо максатындагы долбоор Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, 9 млн 97 миң сом жумшалган.

Иш-чарада буга чейин ӨКМдин шаардагы бөлүмүнө алынып келген эки өрт өчүрүүчү унаа, жергиликтүү бюджеттин каржылоосунда алынган бир жүктөгүч техникасы да ишке берилди.

Пикир

Оставить комментарий