• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия өнүктүрүү банкы 2023-жылга карата сомдун курсунун божомолун берди

Экономика 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы 2023-жылы сомдун курсу төмөндөйт деп божомолдоодо. Бул тууралуу маалымат АӨБдүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн улук экономисти Гүлнур Керимкулова тарабынан берилди.

Анын айтымында, улуттук валютанын курсунун алсырашы россиялык рублдин кунунун канчалык төмөндөшүнө байланыштуу болот.

“Буга байланыштуу биз улуттук валютанын төмөндөшүнө карата . Валюта курсунун өзгөрүлмөлүүлүгүн ооздуктоо үчүн биздин божомолдор боюнча, КР Улуттук банкы узак мөөнөттүү интервенцияларды жүргүзөт”, - деди Керимкулова.

Ошондой эле АӨБдин маалыматы боюнча,россиялык рублдин АКШ долларына карата алсыздануусунун фонунда кыргыз сомунун кунунун ыктымал төмөндөшү 2023-2024-жылдары тышкы карыздын ИДПга карата катышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн (башкача айтканда АКШ долларына карата сомдун курсунун төмөндөшүнүн алкагында тышкы карыздын суммасы өсүшү мүмкүн).

Мында, Улуттук банктын балансында турган монетардык эмес алтынды чет өлкө валютасына жана монетардык алтынга конвертациялоо эл аралык дүң резервдерди колдоого жана диверсификациялоого мүмкүндүк берет, бирок келечекте алардын көлөмү азаят деп болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий