• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте "Кыргызстанда саламаттык сактоо жумалыгы" эл аралык форуму старт алды

Ден соолук 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. 2O23-жылдын 4-апрелде "Кыргызстанда саламаттык сактоо жумалыгы" аттуу 17 - Эл аралык конгресстин жана көргөзмө форумунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, форум эки эл аралык адистештирилген көргөзмөнү бир аянтчага бириктирет:

• 17 - Эл аралык адистештирилген саламаттыкты сактоо көргөзмөсү - MedExpo Kyrgyzstan 2023;

• 7-Эл аралык адистештирилген стоматология көргөзмөсү - Dental-Expo Kyrgyzstan 2023.

Быйыл 6-апрелге чейин улануучу биргелешкен көргөзмөгө 1О мамлекеттен 7Oтен ашуун компаниялар катышат: Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Польша, Россия, Турция, Өзбекстан жана Түштүк Корея.

Өз сөзүндө саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова форумдун катышуучуларына ийгиликтүү иш каалады: "Бул конгресс жана көргөзмөлөр баарыбыз үчүн маанилүү окуя, анткени алар бизге медицина жана саламаттыкты сактоо жаатында билим, тажрыйба жана акыркы жетишкендиктер менен алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Жана дагы бул биз үчүн байланыштарыбызды чыңдоого жана медицина тармагында жаңы байланыштарды түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк", - деди ал.

Салтка айлангандай, көргөзмөдө Беларусь, Бурятия Республикаларынын, Новосибирск облусунун, Өзбекстандын жамааттык экспозициясы катышууда.

"Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо жумалыгы" Эл аралык конгрессинин жана көргөзмө форумунун ишкердик программасы семинарларды, мастер-класстарды, жаңы технологиялардын жана жабдуулардын презентацияларын камтыйт.

Белгилей кетсек, "Кыргызстанда саламаттык сактоо жумалыгынын" өзгөчөлүгү – форум сапаттуу жана натыйжалуу социалдык маанилүү көйгөйлөрдү, өлкөнүн саламаттык сактоо тутумунун иштешин талкуулоо, тажрыйба алмашуу, акыркы ата мекендик жана чет өлкөлүк өнүгүүлөр менен таанышуу үчүн саламаттыкты сактоо кызматкерлерин, мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирет. Экспозициялардагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтип, ишкердик байланыштарды жана келишимдерди түзүүгө, ой­пикирлерди жана жаңы технологияларды алмашууга, тармактын адистери менен актуалдуу темаларды талкуулоого мүмкүндүк берет.

Көргөзмөгө катышуучу компаниялар тарабынан инновациялык медициналык жабдууларды жана диагностика, хирургия, реабилитациялоо техникалары, жогорку сапаттагы сарпталуучу материалдар, инструменттер, дары-дармектер жана башка медицина тармагына керектелүүчү заттар көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий