• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бир катар эл аралык көргөзмөлөр өтөт

Коом 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Бишкекте бир катар эл аралык көргөзмөлөр өтөт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, көргөзмөлөргө Беларусь, Германия, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Польша, Россия, Түркия, Өзбекстан, Түштүк Корея сыяктуу 12 өлкөдөн 200дөн ашуун компаниялар катышат.

Алсак, Бишкектин Ахунбаев көчөсү, 97 дарегинде жайгашкан Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде төмөнкү көргөзмөлөр өтмөкчү:

4-апрелден 6-апрелге чейин:

– 17-эл аралык адистештирилген саламаттык сактоо көргөзмөсү– MedExpo-2023;
– 7-эл аралык адистештирилген Стоматология көргөзмөсү – Dental-Expo Kyrgyzstan-2023.

18-апрелден 20-апрелге чейин:

- 20-юбилейлик эл аралык курулуш жана интерьер көргөзмөсү – KyrgyzBuild-2023;
- 13-эл аралык энергетика жана жарык көргөзмөсү – EnergyExpo Kyrgyzstan-2023;
-8-эл аралык жол курулушунун, атайын техниканын жана тетиктердин көргөзмөсү – KyrgyzComex-2023;
– 8-эл аралык коопсуздук, коргоо жана өрткө каршы шаймандар көргөзмөсү – SafetyExpo-2023.

Пикир

Оставить комментарий