• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиядагы кыргызстандыктарга пенсия менен камсыздоо боюнча маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү Россиядагы кыргыз диаспора уюмдарынын жана аймактык бирикмелеринин лидерлери жана активисттери менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу 9-февралда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу боюнча кеңири маалымат берди.

Эмгекчилерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздоо (камсыздандыруу) жобосуна, ЕАЭБ алкагындагы ченемдик укуктук базага, мүчө мамлекеттердин пенсиялык тутумдарындагы айырмачылыктарга, КР жарандарынын шартында Россияда пенсияга чыгуу шарттарына, Кыргызстан менен Россиянын мисалында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга өзгөчө басым жасалды.

Элчиликтин жана ЕЭКтин өкүлдөрү КР жаранынын пенсиялык укугун калыптандыруу үчүн Россиянын аймагында мыйзамдуу эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө жана зарылдыгына чоң көңүл бурушту.

Жолугушуунун катышуучулары Россияда жүргөн КР жарандарына пенсия жана медициналык камсыздандыруу боюнча кызыктырган суроолорун беришти.

Кыргыз диаспора уюмдарынын жана аймактык бирикмелеринин лидерлери жана активисттери керектүү толук маалыматты алууда, бул жолугушууда жемиштүү болгонун белгилешти.

Элчилик жолугушуунун катышуучуларынан жолугушуунун жүрүшүндө алынган маалыматтарды бул багытта Россияда иштеп жаткан КР бардык жарандарына жеткирүүсүн өтүндү.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар бул форматта Кыргызстандын компетенттүү органдарынын видеоконференция аркылуу байланышуу мүмкүнкүнчүлүгү менен кошумча жолугушуу уюштурууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий