• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маданият министри Жаманкулов ырчы Малик Аликеев менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, анын ден соолугунан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүн, 2-июнда видео байланыш аркылуу ырчы Малик Аликеев менен сүйлөштү.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ырчынын ден соолугу, жакынкы аралыкта жасала турчу операциясы, чыгармачылыгы тууралуу сөз болгон.

"Азамат Жаманкулов ырчынын өзгөчө талантын эске алуу менен Маданият министрлиги аны мамлекеттик сыйлыкка көрсөтө тургандыгын маалымдады", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Малик Аликеев ден соолугуна байланыштуу учурда Таласта.

Пикир

Оставить комментарий