• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

6-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Эртең, 6-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 22...27 градус.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий