• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен шаарынын Кызыл-Дөң дөңсөөсүнө эс алуу жайы курулат. Эскиздери

Аймак 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Баткен шаарынын Кызыл-Дөң дөңсөөсүнө курула турган эс алуу панорамасынын эскизи иштелип чыкты.

Башкармалыктан билдиришкендей, учурда эскиздик долбоору толугу менен аяктап, Баткен шаардык мэриясына сунушталды.

Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, эс алуучу жайы 2024-жыл ичинде толугу менен ишке ашырылат. Ошондой эле мэриядан эс алуу жайына суу тартылып, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий