• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү бекетинде унаалардын топтолуусу байкалууда

Аймак 0

Бишкек, 05.06.23 /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнь саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде унаалардын топтолуусу байкалууда.

“Жүк ташуучу унаалар топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда”, - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында унаалардын топтолуусу катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий