• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алымкадыр Бейшеналиев бөйрөгүн алмаштыруу операциясы жасала турган бейтаптардан кабар алды

Ден соолук 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөгүн алмаштыруу операциясы жасала турган бейтаптардан кабар алды.

Ведомстводон билдиришкендей, орган алмаштыруу операциясы ушул жуманын аягында 34 жаштагы бейтапка жасалат. Оорулуу өнөкөт гломерулонефриттин кесепетинен бөйрөктүн өнөкөт оорусуна каршы программалык гемодиализ алып келген. Ага бейтаптын 32 жаштагы бир тууганы донор болот.

Дарыгерлер министрге билдиришкендей, бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Алар трансплантология бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп, операцияга чейинки тиешелүү даярдыктан өтүшөт.

Маалымат үчүн: Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында бөйрөк алмаштыруу боюнча бардык суроолору менен жарандар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 14:00дөн 15:00гө чейин кайрылса болот:

  • нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева (0700 62 77 16).
  • трансплантология бөлүмүнүн башчысы Байзаков Мирбек (0550 22 77 01).

Пикир

Оставить комментарий