• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте саламаттык сактоо тармагынын дараметин өнүктүрүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинде “Жаш лидерлер” программасы аркылуу саламаттык сактоо тармагынын дараметин өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Ведомстводон белгилешкендей, саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова Нагоя университетинин Жогорку медициналык мектебинин жаш лидерлер программасынын (Young Leaders’ Program – YLP) директору профессор Eiko Yamamoto менен аталган Программа менен таанышуу жана жаш адистерди Японияда окууга жигердүү тартуу максатында жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө магистратурада окуунун чоо-жайы, Кыргызстанга бөлүнгөн квоталардын саны, Программанын жаш бүтүрүүчүлөрүн КР Саламаттык сактоо министрлигине, облустук саламаттык сактоо башкармалыктарына жумушка тартуу зарылчылыгы жана башкалар талкууланды.

Мындан тышкары, Япониядан келген профессор Япония өкмөтү мындан ары дагы YLP программасы аркылуу саламаттыкты сактоо тармагынын дараметин чыңдоого ар тараптуу жардам көрсөтүү ниетинде экенине ишендирди.

Бул программа 2003-жылдан бери ишке ашырылып келет жана Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлиги (MEXT) тарабынан каржыланат. Программа Япониянын билимин, технологиясын жана саламаттыкты сактоо тармагындагы тажрыйбасын өткөрүп берүү аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жаш лидерлердин өнүгүүсүн колдоо максатында иштелип чыккан.

Программанын максаты - Кыргызстандын жарандарына Япониядагы университеттерден “Саламаттык сактоону башкаруу” адистиги боюнча магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, алар Японияда окуусун аяктагандан кийин, өлкөнүн өнүгүшүнө саламаттык сактоо тармагында салым кошо алышат.

Бүгүнкү күндө бул программанын алкагында Кыргызстандан 14 адам магистратураны аяктады, алардын бардыгы саламаттык сактоо тармагында иштешет.

Пикир

Оставить комментарий