• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мас болуп автоунаа айдагандарга айыппулдун өчлөмүн дагы көбөйтүш керек – депутат

Коом 0

Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. Мас болуп же маӊзат колдонуп айдагандарга айыппулдун өчлөмүн дагы көбөйтүү зарыл. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.

Фракция КР Бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында жол кыймылынын эрежесин бузуулар үчүн айып пулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгү жана натыйжалуулугу маселесин карады.

Депутаттын пикиринде, жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга каршы катуу чараларды көрүш керек.

Каршы тилкеге чыгып алып айдаган, кызыл чырактан өтүп кеткен, мас болуп автоунаа айдагандарга каршы азыркы айыппулдардын өлчөмү туура эле, – деди депутат.

Жыйында депутат Бакыт Төрөбаев эл арасында жол кыймыл эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдардын өлчөмүнүн жогору болгондугунан нааразычылыктар көп болуп жаткандыгын эске салды.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыктын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркуловдун айтымында, өкмөт башчынын тапшырмасы менен айыппулдардын өлчөмүн кайра карап чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, ал топ иштеп жатат.

Саркулов "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден тартып, эреже бузуулардын жана андан улам каза болгондордун саны азайгандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий