• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-майдан тарта Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Шаардык муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, суу 17-июнга чейин жок болот. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.

Өчүрүү жыл сайын жүргүзүлүүчү техникалык тейлөө иштерине жана жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумдарын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

Мэрия шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, бул ишке түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы калаанын батыш тарабын: Жал кичи району, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы жана Совмин конушун тейлет. Байланыш: 212906, 0701 777110 (WhatsApp).

Калган керектөөчүлөрдүн бардыгын ысык суу менен "Бишкекжылуулуктармагы " ААК камсыз кылат: 1980, (0312) 61-11-69.

Пикир

Оставить комментарий