• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министри Гүлнара Баатырова бардык интернаттарга видеокөзөмөл орнотууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде социалдык түйүндөрдө пайда болгон видео боюнча кабарлайт.

Министрликтин айтымында, бул видео 2021-жылы кыш мезгилинде тартылган. Буга чейин мекеменин жетекчилиги жана мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлер алмашылган.

Учурда социалдык мекемеде эч кандай мыйзам бузуулар катталган эмес. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова интернатка кошумча текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында министр кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында бардык социалдык стационардык мекемелерге видеокөзөмөл орнотуу боюнча тапшырмаларды берген. Бүгүнкү күнү министрдин тапшырмасынын алкагында бардык мекемелер видеокөзөмөл жабдуулары менен камсыздалууда.

Пикир

Оставить комментарий