• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Бүгүн тажик тарап менен чек ара боюнча кезектеги жыйын башталат

Коом 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Бүгүн тажик тарап менен чек ара боюнча кезектеги жыйын башталат. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

УКМКдан билдиришкендей, бүгүн УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин Өзбекстандын атайын кызматынын башчысы Абдусалом Азизов менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуусу башталды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

2021-жылы 15-марттан 18-мартка чейин Тажикстандын Согди облусундагы Худжанд шаарында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк комиссияларынын кезектеги жыйыны башталары белгиленген.

Кыргыз делегациясын өкмөттөр аралык комиссиянын төрагасы, УКМК башчысы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, ал эми тажик тараптын ушул сыяктуу комиссиясын Тажикстандын УКМК төрагасы, генерал-полковник Саймумин Ятимов жетектейт.

“Бул атайын кызматтын башчысы катары алардын биринчи жолугушуусу болуп саналат, ошондуктан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулоодон тышкары, эки тараптуу кызматташуунун алкагында эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттеринин биргелешкен ишмердүүлүгүнүн башка дагы актуалдуу маселелерин, анын ичинде заманбап чакырыктарга жана эки мамлекеттин коопсуздугуна келтирилген коркунучтарга биргелешип каршы туруу маселелерин талкуулоо пландалган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий