• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 404 айыл өкмөтү жана 32 шаар мэриясы “Санарип аймак” тутумуна кошулган

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 404 айыл өкмөтү жана 32 шаар мэриясы "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна кошулган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда маалыматтык базаны жайылтуу боюнча жумуштар аткарылууда.

"е-Kyzmat регионалдык, муниципалдык, ички резервге өткөрүлчү конкурстар, кызматчыларды окутуу, дайындоо боюнча маалыматтарды жана статистикалык маалыматтарды камтыйт. е-Kyzmat тутумунда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын штаттык ыраатамасын, кызматчылардын эмгек китепчесин толтуруу боюнча модул иштелип жатат", - деген Базарбаев, муну менен ашыкча кагаздардан арыла тургандыктарын кошумчалады.


Маалымат үчүн: "Санарип аймак" бул - айыл өкмөтүнүн паспорту, чарбалык китептерди түзүү процессин автоматташтыруу, ички миграцияга мониторинг жүргүзүү, бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү, муниципалдык кызмат көрсөтүүнү электрондук форматка которуу, актуалдуу маалыматтар жана автоматтык түрдө статистика, отчетторду түзүугө багытталган.

Аталган системаны киргизүүнүн негизги максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун, кабыл алынуучу чечимдердин сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат алууда бюрократиялык жана кагаз убаракерчиликтериин жоюу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий