• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алиев: Социалдык фонддун жалпы кирешеси 94 млрд сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, 2023-жылдын 11 айында Социалдык фонддун жалпы кирешеси 94 млрд 209,9 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Социалддык фондун башчысы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 22 033,1 млн сомго, же 130,5%га өстү.

"Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 11 айдын ичинде алдын ала маалыматтар боюнча, 57 млрд 175,4 млн сомду же 1 млрд 585,4 млн сомго көбүрөк болуп, белгиленген тапшырманын 102,9%ын түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 126,6%га, же 12 006,8 млн сомго көбөйгөн.

2023-жылдын январь-ноябрь айларында республикалык бюджеттен ассигнованиелердин түшүүсү 35 млрд 775,6 млн сомду түздү”, - деп маалымдады ал.

Алиев белгилегендей, 2023-жылдын 11 айында Социалдык фонддун бюджетинин жалпы чыгашалары 80 млрд 462,8 млн сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттик чыгашалар 16млрд 855,9 млн сомго же 126,5%га өскөн.

Анын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 11 айында республикада пенсияны каржылоо 67млрд 624,5 млн сомду түздү, бул 2022-жылдын ушул мезгилине карата 15 029,3 млн сомго көп.

2023-жылдын 11 айында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 3910,1 миллион сом, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 324,1 миллион сом каржыланган.

Пенсияга кеткен чыгымдардын көбөйүшү Социалдык фонд улгайган жарандарды социалдык жактан коргоо боюнча олуттуу иштерди жүргүзүп жатканын айгинелейт.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, алдын ала маалыматтар боюнча, 2023-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 765,8 адамды түзөт, анын ичинен 173,2 адам же жалпы сандын 23%ы «Кыргызпочтасы» филиалдары аркылуу, 592,6 адам же 77%ы республиканын коммерциялык банктары аркылуу пенсия алышат.

“Социалдык фонд 2023-жылдын январь-ноябрь айларында 68 миң 964 жаранга пенсия чектеди”, - деди фонддун башчысы.

Пикир

Оставить комментарий