• 88.68
  • 95
  • 0.95

Евробиримдиктин депутаттары ОшМУ менен кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар

Аймак 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Европа биримдигинин депутаттары Ош мамлекеттик университети менен кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар.

Окуу жайдан билдиришкендей, маалымат 20-декабрда ОшМУга жумуш сапары менен Евробиримдиктин парламентинен келген делегациянын жыйынында айтылды.

“Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин теңтөрагасы Томас Здеховски баштаган делегацияны окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат тосуп алды.

Иш-чарага ылайык , Евробиримдиктин алкагындагы долбоорлор, Эразмус + стипендиялык программалары боюнча европалык жогорку окуу жайларга барып окуп келген студенттер, тажрыйба алмашып келген окутуучулардын катышуусунда жыйын өттү. Жыйында ОшМУда ишке ашкан жана учурда аткарылып жаткан Евробиримдиктин долбоорлору тууралуу сөз болду. Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, илим жаатындагы долбоорлор, стипендиялык программалар боюнча баарлашуу болду.

Жолугушуудан соң делегация Евробиримдик тарабынан каржыланган “Санариптештирүү аркылуу айыл жамааттары үчүн ачык келечекти куруу” DigiKonush долбоорунун алкагында ачылган борбору жана окуу жайдын Ак-Буура кампусундагы медициналык окуу-лабораториялары менен таанышты.

“Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин теңтөрагасы Томас Здеховски жумуш сапарынын негизги максаты тууралуу сөз кылып, Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, анын ичинен билим берүү, илим багытындагы алакаларды чыңдоого өзгөчө басым жасаларын айтты.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин маанилүү өнөктөшү экенин белгилеп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө жана тереңдетүүгө умтуларын билдирди.

Белгилей кетсек, учурда ОшМУда Евробиримдик каржылаган “Кыргызстандагы ЖОЖдордун каржылык автономиясын өнүктүрүү/ DEFA”, “Азиядагы экологиялык ден соолук боюнча билим берүү, изилдөө жана инновациялар тармагын бекемдөө», "Эмгек жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча магистрдик программаларды иштеп чыгуу”, “Кыргызстандагы докторантураны жана изилдөөчүлүк потенциалды өнүктүрүү”, “Борбордук Азияда тамактануу жана диетология боюнча билим берүү жана изилдөө потенциалын түзүү/ BERNICA” долбоорлору ишке ашып жатат.

Пикир

Оставить комментарий