• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Телефондору жана даректери

Коом 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

Муниципалитеттен билдиришкендей, төмөндө баш калкалоочу жайлардын даректери жана телефондору:

Биринчи май районунда туруктуу жашаган жери жок 70 адамга эсептелген «Коломто» муниципалдык мекемеси туруктуу негизде иштейт. Жибек-Жолу проспектиси 413 дарегинде жайгашкан, мекеме 70тен 100гө чейин үй-жайсыздарды күнүмдүк тамактандырып, түнөгөнү менен камсыз кылат. Сурап билуу телефону: 30 48 55.

Ленин районунун аймагында «Центр Милосердия» коомдук фонду туруктуу негизде иштеп, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдары бар аялдарды убактылуу баш калкалоо жайы менен камсыз кылат. Фонд Трудовая көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан, сурап билүү үчүн телефондор: 64 48 71, 0550 54 66 22 Роза Казиевна.

Октябрь районунун аймагында А.Токомбаев көчөсү 1а, дарегинде 60 орундуу үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Баш калкалоочу жайга төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот: 511938, 0708880218 - райондун социалдык тейлөө секторунун адиси Сталбек Эсенкулов.

Свердлов районунун аймагындагы Фере көчөсү, №34а дарегиндеги баш калкалоочу жай 40 орунга ылайыкталган. Имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дары-дармектер жана шейшептер сатылып алынган. Сурап билүү телефону: 36 03 35, 0706 168877, Мамаев Эркин – Свердлов районунун социалдык тейлөө секторунун башкы адиси.

Белгилей кетсек, туруктуу жашаган жери жок адамдар бул баш калкалоочу жайларга өз алдынча кайрыла алышат, ошондой эле укук коргоо кызматкерлери жана тез жардам кызматы менен жеткирилет.

Арыз бергендер бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат. Коопсуздук үчүн борбор калаанын бардык баш калкалоочу жайларында милициянын нөөмөтчүсү бар, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун медициналык кызматкерлери бөлүнүп, алар системалуу түрдө керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий