• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы медициналык мекемелерде оорунун санариптик тарыхы ишке киргизилди

Ден соолук 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги "Санарип MED" санариптик саламаттык өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында ооруканалар үчүн маалыматтык системаны (оорунун санариптик тарыхы) иштеп чыкты жана пилоттук түрдө ишке киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Оорунун санариптик тарыхы – бул стационардык саламаттык сактоо уюмдарында бейтаптарды кабыл алуу, диагностикалоо жана дарылоо менен байланышкан негизги бизнес процесстерди камтыган салттуу кагаз жүзүндөгү оору тарыхынын санариптик аналогу.

Оорунун санариптик тарыхынын артыкчылыктары саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн маалыматка жеткиликтүүлүктү жакшыртууну, жардам көрсөтүүнү координациялоону жогорулатууну, маалыматтарды берүүдөгү каталардын тобокелдигин азайтууну, бейтаптарды тейлөөнүн сапатын жакшыртууну жана жалпы саламаттыкты сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууну камтыйт.

Маалымат системасы ар кандай саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат, бул өзгөчө ар түрдүү деңгээлдеги (райондук, областтык, республикалык) саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда бейтаптарды которууда маанилүү.

Ошентип, этап-этабы менен саламаттык сактоо системасынын бирдиктүү санариптик контуру түзүлдү, ал балдардын төрөлүшүн каттоодон, саламаттык сактоо уюмуна кирүүдөн, баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына кайрылуудан, лабораториялык изилдөөлөрдөн, вакциналарды алуудан, ооруканага жаткыруудан, , майыптыгын аныктоо үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жолдомо берүү, санариптик КТ сүрөттөрүн сактоо жана алмаштыруу, акырында өлүм фактысын каттоо, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын түзүүдөн башталат.

Пикир

Оставить комментарий