• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 312 адамды кене чакса, анын бешөөндө энцефалит аныкталган

Ден соолук 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. 3-июнга карата Бишкектеги Санэпидкөзөмөл департаментине кене чаккан 312 адам кайрылган.

Департаменттен билдиришкендей, 312 адамдын ичинен 19у иммуноглобулин алышкан. Шаар тургундарынын арасында кене энцефалитинин беш учуру катталды.

Кене энцефалити — борбордук нерв системасынын жабыркашы менен коштолгон курч инфекциялык вирустук оору. Андан толук айыкса болот, ошондой эле майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Пикир

Оставить комментарий